Жалпы жарандык паспорт жөнүндө маалыматтык билдирүү

1741

Башкы консулдук «Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилгендигин кабарлайт:

«16 жашка чыга элек балага жалпы жарандык паспорт төмөнкүдөй жарактуулук мөөнөтү менен берилет:

- бала төрөлгөн учурдан тартып бир жашка чыкканга чейин - эки жылдык мөөнөткө;

- бир жаштан тартып 16 жашка чыкканга чейин - беш жылдык мөөнөткө.»

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып («Эркин Тоо» газетасынын 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 99 (3278) жарыяланды) үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет, так айтканда, 2021-жылдын 24-декабрынан тартып.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK