Башкы консул Р.Бийбосуновдун Бишкек шаарында өткөн иш-чараларга катышуусу жөнүндө

1817

2021-жылдын 5-декабрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор И.В. Панфиловдун, Бишкек шаарында анын аты ыйгарылган сейил бакка жаңыланып орнотулган эстелигине гүл коюу аземине катышты.

Салтанаттуу азем Кыргызстан менен Россиянын расмий өкүлдөрүнүн, КМШга мүчө-мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын катышуусунда өтүп, Улуу Ата Мекендик согушта Москванын жанында фашисттик баскынчылар менен советтик аскерлердин чечүүчү салгылашуусунда генерал-майор И.В.Панфилов командачылык кылган 316-аткычтар (8-гвардиялык) дивизиясынын жоокерлеринин эрдигинин 80 жылдык тарыхый датасына карата уюштурулду.

И.В.Панфиловдун эстелигин жаңылоо долбоору Россия Федерациясынын Свердлов облусунун өкмөтү тарабынан кыргыз-орус аймактар ​​аралык маданий-гуманитардык кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылган. Эстелик Кыргызстандын борборуна Свердлов облусунан белек катары берилди.

2021-жылдын 6-декабрында Р.Бийбосунов Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын Свердлов облусунун Өкмөтүнүн ортосундагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты координациялоо боюнча биргелешкен комиссиянын төртүнчү отурумуна катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу аймактар ​​аралык кызматташуунун учурдагы абалы, ошондой эле өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн жаңы багыттары талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK