Ч.Айтматовдун туулган күнүнө арналган тегерек стол боюнча

1497

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу «Екатеринбург» китепкана борбору менен биргеликте «Чыңгыз Айтматовдун китептери жана тасмалары боюнча адабий саякат» аттуу темада 2021-жылдын 11-декабрында тегерек стол өткөрүштү.

Жолугушууга Башкы консулдуктун жана «Екатеринбург» китепкана борборунун кызматкерлери, мекендештердин коомдук уюмдарынын жетекчилери жана активисттери, Ч.Айтматовдун чыгармаларын сүйүүчүлөр жана окурмандар катышышты.

Иш-чараны Башкы консулдуктун вице-консулу А.К.Байбосов ачып, жыйындын катышуучуларына кайрылуусунда Ч. Айтматовдун  кыргыз элинин сыймыгы, планетардык масштабдагы инсан экендигине токтолуп,  чыгармаларынын жан дүйнөсүнүн тереңдигин, сулуулукту дүйнөгө тааныткандыгын, жакшылыктын, адилеттуулуктун жана азыркы муундун калыптанышын даӊазалаган чыгармачылыгы жөнүндө сөз кылды.

Китепкана борборунун эл аралык бөлүмүнүн башчысы М.Ю.Докучаев өзүнүн баяндамасында Ч.Айтматовдун китептери жана чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалары, Кыргыз эл жазуучусунун чыгармачылык жолу жана тагдыры жөнүндө айтып берди.

         Талкуунун жүрүшүндө “Китепкана борборундагы Адабий чөйрөлөр” клубунун жетекчиси М.С.Голдина, курулуш техникумунун окутуучусу А.Мадиярова, “Биз бирге” коомдук уюмунун жетекчиси Ж.С.Белеков,  “Кыргызстан – Урал” коомдук уюмунун жетекчиси Долонбаева Г.А. Ч.Айтматовдун чыгармаларынын азыркы заман үчүн мааниси жана актуалдуулугу тууралуу азыркы муундун окурмандары менен ой бөлүшүштү. М.А.Алымкулова жазуучунун чыгармачылыгына арналган ырларын окуп берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK