Екатеринбург жана Тюмень шаарларындагы ата-энесинин камкордугусуз жана мыйзамдуу өкүлдөрүсүз калган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарын мекенине кайтаруу жөнүндө

1760

2021-жылдын 14-декабрында Россиянын Урал федералдык округунда ата-энесинин камкордугусуз жана мыйзамдуу өкүлдөрүсүз калган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарынын укуктарын коргоо боюнча иштери жүргүзүлүп, Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте Кыргызстандын эки жашы жете элек жараны мекенине кайтарылды.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу региондогу социалдык мекемелеринде бул балдардын өздүгүн тактап, аларды мекенине алып келүү мүмкүнчүлүгүн макулдашуу менен бирге, уюштуруу маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүп, ошондой эле балдарды Кыргыз Республикасына кайтаруу үчүн зарыл болгон тиешелүү документтерин даярдап берди.

Бул балдарды Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери учак менен Кыргызстанга жеткиришти.

Башкы консулдук «Биримдик» кыргыз диаспорасынын Тюмень облустук коомдук уюмунун төрайымы Сманова Канзада Нурмамбетовнага Тюмень шаарындагы уюштуруу маселелерин чечүүгө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK