Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун "Каалоолор балатысы" кайрымдуулук акциясына катышуусу жөнүндө

1357

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу «Боорукердик жолдору менен» Урал кайрымдуулук фонду тарабынан жыл сайын уюштурулуп келе жаткан «Каалоолор балатысы» кайрымдуулук акциясына катышты. Бул акция социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдүн балдарына багытталган.

«Боорукердик жолдору менен» фондунун координациясынын алкагында Аяз атага жолдонгон балдардын каалоолору жазылган каттар алдын ала чогултулуп, Екатеринбург шаарындагы соода борборлорунун балатыларына илинген. Каттардагы балдардын суранычтары шаардыктар жана Уралдын борборунун коноктору тарабынан аткарылып, акциянын уюштуруучуларына белектерди даректер боюнча жеткирип берүү үчүн беришет.

Шаардыктар, ар кандай мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын, анын ичинде чет элдик консулдук мекемелердин кызматкерлеринен турган ыктыярчылар, Аяз ата менен Аяз кыздын ролунда балдарга белектерди таркатып беришет.

Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Аяз атанын ролунда кыргызстандыктардын балдарынын үйлөрүнө барып акциянын уюштуруучулары тарабынан, ошондой эле Башкы консулдуктун кызматкерлери тарабынан даярдалган белек-бечкектерди беришти. Бул саамалык балдар үчүн жаңы жылдык жагымдуу маанай тартуулаган белектерден болуп калды.

Башкы консулдук «Боорукердик жолдору менен» фондуна жана Екатеринбург шаарынын ыктыярчылар коомчулугуна жаңы жылдык асыл долбоорду ишке ашырып, майрам алдында жакшы маанайлар менен бөлүшүүгө даярдыгы үчүн, ошондой эле мекендештердин диаспоралык уюмдарынын лидерлери жана активисттерине социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөрдөгү кыргызстандык балдардын тизмесин түзүүгө кошкон салымы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK