Башкы консулдуктун кызматкерлеринин Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайга баруусу тууралуу пресс-релиз

1499

2022-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россия ИИМнин Екатеринбург шаарындагы башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна (мындан ары - ЧЖУКБ) барышты.

Башкы консулдуктун өкүлдөрү Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрүп, алардын кармоо шарттары менен таанышты. Мекенге кайтуу документтерин тариздөө жол-жоболоруна байланыштуу маалыматты жеткирип, суроолорго жооп беришти.

Ошондой эле, Башкы консулдуктун кызматкерлери ЧЖУКБунун жетекчисинин милдетин аткаруучу М.Ю.Пылаев менен жолугушуп, анын жүрүшүндө ЧЖУКБ менен Башкы консулдуктун ортосундагы иш аракеттер боюнча пикир алмашышты.

Маалымат үчүн: Азыркы учурда Россия Федерациясынын ИИМиин Екатеринбург шаары боюнча ЧЖУКБда Россия Федерациясынан чыгаруу үчүн соттун чечиминин күчүнө киришин күтүп Кыргыз Республикасынын 22 жараны, алардын ичинен 4 аял кармалып турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK