Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө чет өлкөлүк жарандардын милдеттүү мамлекеттик манжа изи менен каттоодон жана сүрөткө тартуудан өтүүсү жөнүндө

1387

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсине салат, Россия Федерациясынын 2021-жылдын 1-июлундагы 274-ФЗ Федералдык Мыйзамына ылайык, “Федералдык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү «Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» жана “Россия Федерациясында манжа изин мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарына ылайык 2021-жылдын 29-декабрындагы Федералдык мыйзамы менен Россия Федерациясына визаны талап кылбаган тартипте иштөө үчүн келген чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде медициналык кароодон, ошондой эле манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө тартуудан өткөрүшү керек.

Манжа изин милдеттүү түрдө мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө тартуудан өтүү үчүн чет өлкөлүк жарандар Россиянын Ички иштер министрлигинин аймактык органына же Министрликтин «Паспорттук-виза кызматы» Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасына (ФМУИ) караштуу ишканага жеке кайрылуусу керек. Россия Федерациясынын ички иштер органдары жана анын бөлүмдөрү. Ишкананын тиешелүү филиалдарынын байланыш маалыматтары (даректери, иш убактысы) федералдык мамлекеттик унитардык ишкананын (мындан ары ФМУИ) pvsmvd.ru расмий сайтында "Филиалдар" бөлүмүндө жайгаштырылган.

6 (алты) жашка чейинки балдар, ошондой эле мурда аталган процедуралардан өткөн адамдар манжа изин жана сүрөткө тартуудан бошотулат. Процедураларды өткөн чет өлкөлүк жарандар манжа изинин милдеттүү мамлекеттик каттоосунан  жана сүрөткө тартуудан өткөндүгүн ырастоочу документ алуу үчүн Россиянын Ички иштер министрлигинин даректүү жайгашкан жери боюнча аймактык органына кайрылууга укуктуу.

Башкы консулдук Россия Федерациясынын аймагына 2021-жылдын 29-декабрына чейин кирген чет элдик жарандар (анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары) үчүн кезектеги Россияга киргенде (же чыкканга чейин) манжа изин алуу процедурасынан өтүү зарылчылыгын  белгилейт. Бул процедура Россия Федерациясына кирүү/чыгуу санына карабастан акысыз бир жолу өтүлөт.

Манжа изин жана сүрөткө тартуу үчүн адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ-инфекциясы) менен шартталган оорунун жоктугу тууралуу маалым кат жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн тастыктаган башка документтерди көрсөтүү керек.

Эгерде чет өлкөлүк жарандар манжа изин милдеттүү мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуудан жана (же) медициналык текшерүүдөн өтүү боюнча милдеттерин аткарбаган учурда, алардын Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтү кыскартылат.

ФМУИнын «Паспорттук-визалык кызматынын» филиалдары боюнча маалыматты  Россиянын ИИМнин төмөндөгү сайты боюнча билсеӊиз болот https://pvsmvd.ru

Россиянын ИИМнин ФМУИнын «Паспорттук-визалык кызматынын (ПВК)» аймактык бөлүмдөрүнүн даректери: 

Аталышы

Дареги

Россиянын ИИМнин Свердлов облусу боюнча ФМУИнын «ПВК»

 

Екатеринбург шаары, Сулимова көчөсү, 46 (2 кабат)

тел.: + 7 (343) 346 30 06

эл. дарек:sverdiovsk@pvsmvd.ru

Россиянын ИИМнин Челябинск облусу боюнча ФМУИнын «ПВК»

Челябинск шаары,  Рожественский  көчөсү,  үй 7А; тел. +7 (909) 087 04 51, +7 (909) 087 04 63;

Бөлүмдүн дареги:

Магнитогорск шаары, Карла Маркса проспектиси, үй 79, терезе №30, 31

тел.: +7 (909) 087 04 51

эл.дарек: chelabinsk@ pvsmvd.ru

Россиянын ИИМнин Тюмень облусу боюнча ФМУИнын «ПВК»

625019  Тюмень шаары,  Октябрдын 50 жылдыгы көчөсү, үй 200 Б, корп.1.

Бөлүмдүн дареги:

626150, Тюменская облусу,  Тобольск шаары,  8 мкр көчөсү, үй 8/2.

тел. +7 (3452) 50-05-16.

эл.дарек: tumen@pvsmvd.ru

Россиянын ИИМнин Курган облусу боюнча ФМУИнын «ПВК»

640000  Курган шаары,  Ленин көчөсү,

үй 4.

тел. +7 (919) 580 05 27, +7 (919) 580 04 30 (Урицкий көчөсү, үй 4).

эл.дарек: kurgan@pvsmvd.ru

 

 Россиянын ИИМнин Пермь аймагы боюнча ФМУИнын «ПВК»

Пермь шаары.

Телефон:

Такталууда.

Көрсөтүлгөн аймактык бөлүмдөрдүн иштөө тартиби: 

дуйшөмбү-бейшемби:  9:00дөн 18:00 гө

жума: 9:00дөн 16:45ге,

түштөнүү убактысы: 13:00 дөн 13:45ге чейин, ишемби-жекшемби: дем алыш 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK