Мекендештердин назарына!

1637

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын жарандарына көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тизмесин кеңейтүүнү жана алардын сапатын жогорулатуу боюнча ишти улантууда.

Башкы консулдук Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун, идентификациялык картасын (ID-карта), өлкөгө кайтуу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү үчүн документтерди кабыл алат, ошондой эле башка тиешелүү консулдук кызматтарды көрсөтөт. 2022-жылдын январь айынан тарта Башкы консулдук Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыруу үчүн документтерди кабыл ала баштады.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, 2021-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан өзгөчө суроо-талапка ээ болгон консулдук кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы чет өлкөлөрдө бир кыйла төмөндөтүлгөн.

 Учурда Башкы консулдук Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынан соттолгон/соттолбогондугу, никеси тууралуу, салыктык карыздары, иштеген мезгили, пенсиялык абалы (статусу), айдоочулук күбөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды суроо (талап кылуу) жана тиешелүү маалым каттарды берүү боюнча акысыз (бекер) кызмат көрсөтөт.

Ошол себептен, Башкы консулдук мекендештерден акысына ар кандай справкаларды алууну же даярдоону сунуштаган күмөндүү ортомчулардан сак болууга чакырат. Документтерди бурмалап жасоо боюнча бардык фактыларды Орусиянын укук коргоо органдарына жана Башкы консулдукка билдирүүнү өтүнөт.

Ошону менен бирге жасалма документтерди жасап сатуу жана атайылап жалган билдирүүлөрдү тараткандыгы үчүн Орусиянын да Кыргызстандын да мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганын эскертебиз.

Консулдук кызматтарды алуу учурунда кандайдыр бир суроолор жаралса, бул тууралуу Башкы консулдуктун жетекчилигине билдириңиз. Башкы консулдуктун жетекчилиги ар-бир жаранды жеке кабыл алууга даяр.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK