«Контекст» дипломатиялык клубунун отурумуна катышуу жѳнүндѳ

1185

2022-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов «Европа-азиялык изилдөөлөр Борбору» автономиялуу коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулган «Контекст» дипломатиялык клубунун кезектеги жыйынына катышты.

Видеоконференция форматында өткөн жолугушууда россиялык эксперттер жана саясат таануучулар Екатеринбургда аккредитацияланган чет өлкөлүк консулдук мекемелердин өкүлдөрүнө Урал аймагындагы жана Россиядагы негизги ички саясий окуялар боюнча маалымат беришип, жолугушуунун катышуучулары кызыккан башка темаларга да токтолушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK