Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Свердлов облусунун туризм тармагынын өкүлдөрүнүн онлайн жолугушуу жѳнүндѳ

1171

2022-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу жана Урал туризм ассоциациясы тарабынан уюштурулган Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Туризм департаментинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Свердлов облусунун туризм тармагынын өкүлдөрүнүн кеңейтилген онлайн жолугушуусу болуп өттү.

Видеоконференция аркылуу тараптардын туристтик компаниялардын, саламаттыкты сактоо мекемелеринин өкүлдөрүнүн түз диалогу үчүн аянтча түзүлүп, анда туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, туристтер менен алмашуу үчүн шарттарды түзүү жана эки мамлекеттин жарандарынын эс алуусун уюштуруу маселелери талкууланды.

Жыйындын катышуучулары Кыргызстандын жана Орусиянын Урал аймагынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырышты. Ысык-Көл облусунун санаторий-курорттук мекемелери тарабынан өзүнчө презентация өткөрүлдү.

Жыйынга катышкан эки өлкөнүн авиакомпанияларынын жана эл аралык «Манас» жана «Кольцово» (Екатеринбург ш.) аэропортторунун өкүлдөрү жайкы мезгилде Ысык-Көлгө түз аба каттамдарын жандандыруу пландары тууралуу айтып беришти.

Жетишилген макулдашуулардын алкагында тараптардын туристтик компаниялары жана саламаттыкты сактоо мекемелери өз ара тиешелүү кызматташуу келишимдерин түзүүгө, Ысык-Көлдө жана Екатеринбургда өтүүчү эл аралык туристтик жарманкелерге катышууга ниеттенүүдө.

Башкы консулдук Екатеринбург китепкана борборуна аталган жолугушууну өткөрүүгѳ шарт түзүп, уюштуруучулук жана техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK