Ош Мамлекеттик Университетинин делегациясынын Россиянын Урал аймагына болгон иш-сапары жөнүндө

1722

2022-жылдын 14-15-февралында Екатеринбург шаарында Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ректору Кудайберди Кожобеков башында турган делегация Уралдын аймагынын алдынкы жогорку окуу жайларынын ректорлору менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов жана консулдук мекеменин кызматкерлери Урал мамлекеттик экономика, Урал мамлекеттик медициналык, Урал мамлекеттик педагогикалык жана Урал федералдык университеттеринде ѳткѳн жогорку окуу жайлар аралык жолугушууларына катышышты.

Ректор К.Кожобеков жана ОшМУнун делегациясы россиялык кесиптештери менен ЖОЖдор аралык билим берүү тармагындагы кызматташууну, студенттер менен мугалимдерди алмашып окууту жана иштетүү, академиялык мобилдүүлүктү, адистерди биргелешип даярдоо жана кош диплом берүү мүмкүнчүлүктөрдү, илимий журналдарга макалаларды жарыялоо жана башка эки тарапты кызыктырган темадагы маселелерди талкуулашты. Ошондой эле ОшМУнун делегациясы университет жѳнүндѳ презентация жасады.

Р.Бийбосунов УМЭУнун ректору Силин Яков Петрович менен жолугушуу учурунда кыргыз-орус кызматташтыгында билим берүү жана кадрларды даярдоо тармагы маанилүү экенин белгилеп, Башкы консулдук мындан ары да Кыргызстан менен Россиянын Урал аймагындагы ЖОЖдорунун өз ара аракеттенүүсү үчүн зарыл болгон колдоосун көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Буга чейин, 11-12-февралда Ош мамлекеттик университетинин делегациясы Челябинск шаарындагы Түштүк Урал мамлекеттик гуманитардык-педагогикалык университетинин, Челябинск мамлекеттик университетинин жана Түштүк Урал мамлекеттик университетинин жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK