Башкы консулдуктун кызматкерлеринин чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайына баруусу тууралуу

1168

2022-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайына барышты (мындан ары - ЧЖУКБ).

Азыркы учурда ЧЖУКБда Кыргызстандын 15 жараны, анын ичинде 3 аял Россия Федерациясынын аймагынан чыгарылышын жана депортацияланышын күтүп жатышат.

Башкы консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугушууларды өткөрүп, жарандарга өз мекенине кайтуу үчүн документтерди тариздөө жол-жоболорун, ошондой эле Россия Федерациясынын аймагында мыйзамдуу жүрүү тартиптерин жана эрежелерин түшүндүрүштү.

Ошондой эле ЧЖУКБнын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрүлүп, анда жарандарды кармоонун шарттары, ошондой эле мекенге жөнөтүү үчүн керектүү документтерди тариздөө боюнча ыкчам кызматташуу маселелери талкууланды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK