Уралда Кыргыз Республикасынын Баатырына эстелик жасалды

1107

2022-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери, Россиянын Свердлов облусунда жашаган кыргызстандык  аксакалдар,  Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик ишмер Усубалиев  Турдакун Усубалиевичтин колодон куюлган эстелигин жасаган «Дубровин» куюу чеберчилик устаканасына барышты.

Дипломаттар жана мекендештер бул долбоорду ишке ашыруу үчүн кошкон салымдары үчүн Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун мамлекеттик администрация башчысы - акими Курбанбек Камчиевге, кыргызстандык скульптор Садабек Ажиевге, чеберчилик устакананын жетекчиси Иван Дубровинге ыраазычылыктарын билдиришип, ошондой эле Кыргызстанга эстелик жеткире турган ташуучуга сапарынын байсалдуу болушун каалашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK