Башкы консулдуктун кызматкерлеринин Екатеринбург шаарында жашап жаткан КРнын жарандары менен жолугушуулары боюнча

1142

Свердлов облусунун укук коргоо органдарынын чет өлкөлүк жарандарга карата жүргүзүлүп жаткан иш-чараларына байланыштуу жана Россия Федерациясынын 2021-жылдын 1-июлундагы 274-ФЗ «Федералдык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» жана «Россия Федерациясында мамлекеттик манжа изин каттоо жөнүндөгү» Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндөгү Федералдык мыйзамдарына киргизилген тактоолорго түшүндүрмө берүү максатында 2022-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын жарандарынын компакттуу жашаган жерлеринде жолугушууларды өткөрдү.

Жолугушуулар Екатеринбург шаарынын соода борборлорунда, коомдук тамактануу жайларында, ошондой эле базарларында эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген Кыргыз Республикасынын жарандары менен өттү. Чет элдик жарандардын медициналык кароодон өтүүсүн жана манжа изин каттоону караган жаңы миграциялык эрежелердин киргизилишине байланыштуу Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарын сактоо маселелери сүйлөшүү мезгилинде түшүндүрүлдү.

Башкы консулдуктун кызматкерлери мекендештердин суроолоруна жооп берип, Кыргызстандын жарандарын Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарынын бардык нормаларын сактоого чакырып, мыйзамдуу миграциялык каттоодон өтүү үчүн аларга эмгек келишиминин негизинде эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү сунушталды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK