Свердлов, Челябинск, Тюмень, Курган областарында жана Пермь крайында жашап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсине!

1676

Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды медициналык кароодон өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын жарандарынын эсине салат, Россия Федерациясынын 2021-жылдын 1-июлундагы 274-ФЗ Федералдык Мыйзамына ылайык, “Федералдык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү «Россия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө» жана “Россия Федерациясында манжа изин мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарына ылайык 2021-жылдын 29-декабрындагы Федералдык мыйзамы менен Россия Федерациясына виза талап кылбаган тартипте иштөө үчүн келген чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде медициналык кароодон, ошондой эле манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө тартуудан өткөрүшү керек.

Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды медициналык кароодон өткөрүү Россия Федерациясынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин “Башкаларга коркунуч туудурган жугуштуу оорулардын бекитилген тизмеси чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга убактылуу жашоого, же жашап турууга, патент алууга, Россия Федерациясында иштөөгө уруксат берүүдөн баш тартууга же жокко чыгарууга негиз болуп калат, ошондой эле алардын бар же жок экендигин тастыктоо - медициналык корутундунун формасы» жөнүндөгү 2015-жылдын 29-июнундагы N 384н жөнүндөгү буйругу менен жүргүзүлөт.

 

Медициналык текшерүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:

1. Чет өлкөлүк жарандын өздүгүн тастыктаган документ - чет өлкөлүк жарандын паспорту.

2. Миграциялык каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документ (миграциялык карта).

3. Нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн, инсандыгын тастыктаган документтин орус тилиндеги котормосу.

4. Акы төлөнүүчү медициналык кызматтарды көрсөтүүгө келишим жана аларды төлөөнүн квитанциясы (ошол жерден толтурулат).

5. Жогоруда көрсөтүлгөн документтердин түп нускалары жана көчүрмөлөрү болуусу керек.

Чет өлкөлүк жарандарды медициналык текшерүү төмөнкү текшерүүлөрдү жана изилдөөлөрдү камтыйт: фтизиатр, инфекционист, дерматовенеролог, психиатр-нарколог, ВИЧ-инфекциясына кан анализи; сифилисти аныктоого кан анализи; психотроптук заттардын болушуна заара анализи; көкүрөк клеткасынын флюорографиялык изилдөөсү; какырыкты анализдөө жана мурундун былжыр челинин кырылышы, РНК коронавирусунун COVID-19 аныктоо боюнча изилдөө.

2 (эки) жумушчу күндөн кийин жооптуу дарыгер изилдөөнүн терс натыйжалары болгон учурда төмөнкү медициналык документтерди берет:

- адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусуна (ВИЧ) антителолордун бар же жок экендиги боюнча экспертизадан өткөндүгү жөнүндө күбөлүк;

- наркомания ооруларынын бар же жок экендигин билүү үчүн экспертизадан өткөндүгү жөнүндө маалым кат;

- жугуштуу оорулардын бар же жок экендиги жөнүндөгү медициналык корутунду.

 

Свердлов облусунда төмөнкү даректер боюнча медициналык кароодон өтсө болот:

-Екатеринбург шаарынын «№3 Борбордук шаардык клиникалык ооруканасы» мамлекеттик автономдуу саламаттык сактоо мекемеси;

-№1 Поликлиника - Свердлов облусу, Екатеринбург шаары,. Бебеля көч, 160, 118 кабинет;

-чет элдик жарандарды медициналык каттоодон өткөрүү бөлүмү - Свердлов облусу, Екатеринбург шаары, Сулимова көч., 46,  2-кабатта. Телефон +7 (343) 272 21 01.

Учурда медициналык мекемелерде кызмат көрсөтүүнүн баасы 3500дөн 3600 рублга чейин, бул төлөмдө COVID-19 коронавирусун аныктоо үчүн ПЦР тести алуу каралган.

Чет өлкөлүк жарандарды медициналык кароодон өткөрүү боюнча бөлүмдөрдүн иштөө убактысы:

- аптанын дүйшөмбү – жума күндөрү саат 8:00 дөн 15:00гө чейин кабыл алат.

                Екатеринбург шаарында медициналык кароодон өткөрүү үчүн кошумча даректер:

- Ясная көчөсу, 46;

- Щварца көчөсу, 14Г;

- Сыромолотова көчөсу, 19.

 

Челябинск облусунда медициналык текшерүү процедурасынан өтүү төмөндөгү даректерде жүргүзүлөт:

- Челябинск областук клиникалык тери-оорулар диспансеринде (Челябинск ш., Яблочкина көчөсү, 24);

- №1 шаардык поликлинакасы (Челябинск шаары, Воровский к., 9а);

- № 4 поликлиника (Калининградская к., 21а).

 

Тюмень облусунда чет өлкөлүк жарандар медициналык кароодон төмөндөгү даректерде өтксө болот:

- медициналык мекеме ГБУЗ АБнүн "Облустук кургак учукка каршы диспансери", Тюмень ш.,  Курортная к., үй 2А;

- медициналык мекеме ГБУЗ АБнүн «Облустук тери-оорулар диспансеринде», Тюмень ш., Республика к., үй.1;

- медициналык мекеме ГБУЗ АБнүн «Облустук наркологиялык диспансери», Тюмень ш., Семакова к., үй.11;

- ЖЧК «Регионмед» Тюмень ш., 50 лет Октября к., үй 200Б, кор.1; 

- АК «Нефтяник Медициналык-санитардык бөлүм»,  Тюмень ш., Шиллера к., үй 12;

- ГБУЗ АБнүн «Облустук клиникалык психиатрическая ооруканасы», Тюмень ш., Червишевский тракт к., үй 4.

 

Курган облусунда чет өлкөлүк жарандар медициналык текшерүүдөн төмөнкү даректерде өтсө болот:

   - мамлекеттик каржылык мекемеси "Курган облустук СПИДке каршы күрөшүү профилактикалык Борбору" (Курган ш.,  Механический айылчасы, 2);

   - мамлекеттик казына мекемеси "Курган облустук кургак учука каршы күрөшүү диспансери" (Курган ш., Красномаячная к., 66);

  -  облустук наркологиялык диспансери (Курган ш., Кирова к., 78);

  - Курган шаардык кургак учукка каршы диспансери (Курган ш.,Циолковский к., 1).

 

Пермь аймагында чет өлкөлүк жарандарды медициналык текшерүүдөн  өтүүсү Пермь аймактык Көп функционалдуу миграциялык борборунда «СПИД жана ИЗ» ГКУЗ ПКЦнын акы төлөнүүчү медициналык кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн өзүнчө түзүмдүк бөлүмүндө жүргүзүлөт. Дареги: Пермь ш.,  Ласьвинская к., үй. 98к.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK