Башкы консулдуктун «Урал туризм ассоциациясы – КМШ» туристтик конференциясына катышуусу жөнүндө

1097

2022-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Россиянын Туризм индустриялык союзунун Урал бѳлүмү – Урал туризм ассоциациясы тарабынан уюштурулган «УТА-КМШ» конференциясына катышты. Конференция Россия мамлекеттик кесиптик педагогикалык университетинин технопаркынын аянтында болуп ѳттү.

 

Форумга туроператордук компанияларынын жетекчилери, Борбордук Азия мамлекеттеринин консулдук мекемелеринин башчылары, аймактык бийлик органдарынын, жогорку окуу жайларынын, авиация тармагынын жана массалык маалымат каражаттары өкүлдөрү катышышты. Форумду Урал туризм ассоциациясынын президенти Михаил Мальцев алып барды.

 

Конференциянын катышуучулары Урал аймагында жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө туризм жаатын өнүктүрүү, туризм тармагындагы аймактар ​​аралык кызматташуу, ошондой эле келерки жылы Екатеринбург шаарынын 300-жылдыгынын маарекесин белгилөө маселелерин талкуулашты. Урал федералдык университетинин биринчи проректору Дмитрий Бугров Екатеринбург шаарында өтө турган Универсиада-2023кө даярдыктар тууралуу маалымат берди. Россия мамлекеттик кесиптик жана педагогикалык университетинин Ректорунун милдетин аткаруучу Валерий Дубицкий ЖОЖдор аралык кызматташуу маселелерине токтолду.

 

Р.Бийбосунов ѳзүнүн сөзүндө туризм тармагын жана Урал регионунун тургундарын Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык мекемелеринде эс алуусун уюштуруу жаатында кызматташууну активдештирүүнү сунуштады, ошондой эле Кыргызстанга маалыматтык сапар уюштуруу жѳнүндѳ билдирди.

 

Башкы консулдук Ысык-Көлдүн курорттук-санаториялык мекемелеринин туристтик мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентация кылып, «Кыргызстан – асман тоолорунун өлкөсү» жѳнүндѳгү видеоролиги көрсөтүп, форумдун катышуучуларына маалыматтык материалдары таркатты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK