Екатеринбургдагы Башкы консулдукта, алгачкы кабыл алынган улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү Кыргызстандын жарандарына беришти

1435

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов, консулдук мекеме аркылуу даярдалган алгачкы улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү Кыргызстандын жарандарына тапшырды.

Башкы консулдук Россия Федерациясынын Урал регионунда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу үчүн документтерди 2022-жылдын 17-январынан тарта кабыл ала баштаган. Ошол убакыттан бери кабыл алынган документтердин негизинде айдоочулук күбѳлүктѳр Бишкекте жасалып, биринчилери Екатеринбургдагы Кыргызстандын консулдук мекемесине келе баштады.

Алгачкы жолу өз мекенинен алыста жүрүп жаңы улуттук айдоочулук күбөлүк алган мекендештер, Кыргызстандын өлкө жетекчилигине жана мамлекеттик органдарына чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришти.

Аталган консулдук кызматынын көрсөтүлүшүнүн максаты Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы №4 «Миграциялык абалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндөгү» жарлыгын ишке ашыруу жана чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республиксынын жарандарына жеӊилдетилген шарттарды түзүп берүү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK