Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда мекендештердин катышуусу менен кезектеги жыйын болуп өттү

1373

2022-жылдын 26-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда Свердлов облусундагы кыргыз коомдук диаспора уюмдарынын аксакалдары жана активисттери менен кезектеги жолугушуу болуп өттү.

Башкы консул Руслан Бийбосунов консулдук мекеме тарабынан бир катар консулдук кызмат көрсөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде акы төлөнүүчү жана акысыз, ошондой эле жаңы киргизилип жаткан кызматтар жѳнүндѳ айтып берди. Башкы консулдуктун кызматкерлери чет элдик жарандарга Россия Федерациясында медициналык кароодон өтүү жана манжа изин каттоо тартиптерин түшүндүрүштү.

Ошондой эле, мекендештерге Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 13-декабрындагы «Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгы тууралуу маалымат берилип, балдардын орто мектепке баруу жана билим алуу укуктарын камсыз кылуудагы ата-энелердин милдеттерине көңүл бурулду.

Жолугушуунун катышуучулары жогоруда аталган маселелер боюнча пикир алмашып, бир катар башка темаларды жана келечектеги пландарды талкуулашты. Ошону менен бирге жаштардын тарбия алуусуна, аймактагы мекендештердин укуктук жана социалдык-маданий адаптациясына өзгөчө көңүл бурулду.

Башкы консулдук талкууланган маселелер боюнча жана Россиянын миграциялык мыйзамдарын сактоо зарылчылыгы тууралуу кыргызстандыктар арасында биргелешкен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчүн билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK