Башкы консулдуктун кызматкерлеринин Челябинск облусуна баруусу тууралуу пресс-релиз

1176

2022-жылдын 24-25-февралында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлеринин Челябинск облусуна консулдук чыгуусу уюштурулду.

Сапардын алкагында Башкы консулдуктун өкүлү Кыргыз Республикасынын жаранына карата каралып жаткан кылмыш иши боюнча Жетинчи жалпы юрисдикциялык сотунун (Челябинск ш.) отурумуна катышты.

Ошол эле күнү  Челябинск шаардык «Мекендештер» коомдук уюмунун, Кыргыз улуттук-маданий автономиясынын төрайымы З.А.Бакированын көмөктөшүүсү менен Челябинск облусунда жашаган кыргызстандыктар менен жолугушуу болду.

Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун вице-консулу А.Байбосов мекендештерге консулдук мекеме тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, Россия Федерациясында чет-элдиктерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү жана манжа изин каттоо тартибин айтып берди.

Жарандарга улуттук паспортторду жана айдоочулук күбөлүктөрдү тариздөөгө документтерди кабыл алуу, консулдук каттоого туруу, биометрикалык маалыматтарды чогултуу, даярдалган документтерди берүү кызматтары көрсөтүлдү.

Мекендештер консулдук чыгууну уюштурууга ыраазычылыктарын билдиришип, Челябинск шаары Екатеринбург шаарынан алыс жайгашкандыгын эске алып, мындай иш-чараларды тез-тез өткөрүп турууну суранышты.

25-февралда Башкы консулдуктун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Челябинск облусу боюнча башкы башкармалыгынын (ЧЖУКБ) Чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборуна барышып, ал жактагы Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту.

ЧЖУКБунун жетекчиси Д.Жаров жана ИИМдин Челябинск облусу боюнча УВМ иммиграцияны көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы С.Бобылев менен жолугушуу учурунда аталган Борборго жайгаштырылган Кыргызстандын жарандарын ыкчам түрдө мекенге кайтаруу маселесин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK