Екатеринбургдагы Башкы консулдуктун кезектеги "Миграциядагы аял жүзү"конференциясына катышуусу жөнүндө

1230

2022-жылдын 4-мартында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү “Миграциядагы аял жүзү” кезектеги конференциясына катышышты. Бул жылы форумдун негизги темасы – аймактын туруктуу өнүгүүсүн калыптандыруудагы ишкер аялдардын ролуна арналды.

Конференцияга Свердлов облусунун губернаторунун орун басары Василий Козлов, Свердлов облусунун Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Мерзлякова, Өзбекстан менен Азербайжандын Башкы консулдуктарынын жетекчиси жана өкүлү, облустун мамлекеттик органдарынын жана коомдук уюмдарынын өкүлдөрү катышышты.

Форумда аялдардын ишкердүлүгүнүн мааниси белгиленип, айтылган сунуштар жана көрсөтмөлөр өлкөлөрдѳ бизнес чөйрөлѳрдү мындан ары жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгууга өбөлгө түзөөрүнө ишеним билдиришти.

Конференция Свердлов облустук «Кыргызстан-Урал» коомдук уюму, Свердлов облустунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.

Форумду өткөрүүгѳ Урал мамлекеттик экономика университети төртүнчү жолу шарт түзүп берип жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK