Урал федералдык университетинде Ноорузду майрамдоо жөнүндө

1136

Урал федералдык университетинде (УрФУ) окуп жаткан кыргызстандык студенттердин жана аталган ЖОЖдун жетекчилигинин чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери УрФУдагы Нооруз жаз майрамына конок катары катышышты.

Студенттерди жана ЖОЖдун конокторун УрФУнун проректорунун орун басары Тушин Сергей Геннадьевич Нооруз майрамы менен жылуу куттуктады.

Чет элдик студенттер, анын ичинде кыргызстандыктар өздөрүнүн чыгармачылык номерлерин кѳрсѳтүшүп жана улуттук ашканалардын көргөзмөсүн уюштурушту. Кыргыз студенттеринин жердештиги бир казан палоо жана боорсок даярдашып, майрамдын баардык катышуучуларын жана конокторун сыйлашты.

Иш-чаранын алкагында волейбол, стол тенниси, стритбол жана шахмат боюнча турнирлердин жеңүүчүлөрү сыйланды. Кыргызстандык жердеш студенттердин командасы волейбол боюнча биринчи орунду ээледи. Башкы консулдуктун кызматкерлери - студенттерди Нооруз майрамы жана волейбол боюнча турнирдеги жеңиши менен куттуктап, жогорку окуу жайында ийгиликтүү окууну каалашты.

Майрамга УрФУнун администрациясы, студенттер жана Кыргызстандын, Азербайжандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Монголиянын, Египеттин, Ирактын жердештик студенттери, чакырылган коноктор - консулдук мекемелердин, улуттук диаспоралардын өкүлдөрү катышышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK