Екатеринбургда Свердлов облустук "Ала-Тоо - Урал"коомдук уюмунун кеңсеси ачылды
Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов 2022 – жылдын 21- мартында ачылган Свердлов облустук "Ала-Тоо-Урал" коомдук уюмунун кеңсесине барды.
Р.Бийбосунов уюмдун жаңы шайланган жетекчиси Т. Мусурманкуловду Екатеринбург шаарында "Ала-Тоо - Урал" коомдук уюмунун кеңсесинин ачылышы менен куттуктап, кыргыз мекендештеринин арасында коомдук ишмердүүлүктү жүргүзүүдө жана белгиленген пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди каалады. Коомдук уюмдун бардык мүчөлөрүнө ошондой эле чогулган конокторго жазгы Нооруз майрамына карата жылуу каалоолорду билдирди.