Башкы консулдуктун кызматкерлеринин Екатеринбург шаарындагы Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына баруусу тууралуу пресс-релиз

1254

2022-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайында (ЦВСИГ) болушту.

Башкы консулдуктун кызматкерлери Кыргызстандын жарандары менен жолугушуп, алардын кармоо шарттары менен таанышышты. Мекенге кайтуу документтерин тариздөө жол-жоболору боюнча кеӊеш беришип, суроолорго жооп беришти.

Ошол эле күнү Башкы консулдуктун кызматкерлери Первоуральск шаарындагы Чет элдик жарандарды убактылуу кармоо үчүн бөлүнгөн имаратында жайгашкан Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушту.

Айрым жарандардан түшкөн арыздарга байланыштуу, Башкы консулдук Свердлов облустук Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Г.Мерзляковага кайрылуу жолдонду. Россиянын компетенттүү органдары менен биргеликте жакынкы аралыкта айтылган маселелердин чечилүүсү күтүлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK