Башкы консулдун «Жаңы шарттарда экспорттоодогу - чакырыктар же тоскоолдуктар» форумуна катышуусу жөнүндө

1444

Кыргыз Республикасынын Башкы консулу Руслан Бийбосунов 2022-жылдын 29-мартында Россиянын Курган облусунун, Курган шаарында өткөн “Жаңы шарттарда экспорттоодогу – чакырыктар же тоскоолдуктар” форумуна видеоконференц-байланыш режиминде катышты.

Форумдун ишине аймактын ишканалары катышты. Экспорттук жана соода ишмердигинин актуалдуу маселелери талкууланды, россиялык бизнестин өкүлдөрү жана чет өлкөлүк өнөктөштөр менен конференц-байланыштар, ошондой эле электрондук аянтчаларда мастер-класстар жана максаттуу экспорттоочу өлкөлөр үчүн коммерциялык сунуштар уюштурулду.

Россия тараптын чакыруусу жана Башкы консулдуктун көмөгү менен «Бишкек» ЭЭАнын административдик директору Давлетбек Түгөлбаев жана «Легпром» бирикмесинин өкүлү Махабат Таштанбек форумга видеоконференц-байланыш аркылуу катышышты, алар ЭЭА «Бишкек» жана «Легпром» бирикмесин тааныштырып өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана өз ара пайдалуу кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып беришти.

Форум Курган облусунун экономикалык өнүгүү башкармалыгынын колдоосу жана Курган шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын көмөгү менен Курган облусунун Экспортту колдоо борбору тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK