Екатеринбургда Бүткүл дүйнөлүк поэзия күнү белгиленди

1111

2022-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкери “Речевик-place: Дүйнөлүк поэзия күнү” аттуу музыкалык-адабий кечеге катышты.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, чет мамлекеттердин консулдук мекемелеринин, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, Екатеринбург шаарынын коноктору жана жашоочулары катышышты.

Дүйнө маданиятынын жана бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү өз таланттарын көрсөтүштү. Мекендештерибиз Абдилпата Адылбеков менен Турсунай Калмурат кызынын өздүк калемине таандык чыгармалары чогулгандардын өзгөчө көңүлүн бурду.

Кече Свердлов облусунун Өкмөтүнүн жана Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен «Гуманизм гени» автономиялык коммерциялык эмес уюму, «Орус сөзү» фонду, «Речевик» туура жана кооз сүйлөө борбору тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK