Башкы консул Руслан Бийбосунов Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Вячеслав Ярин менен жолугушту

1090

2022-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Свердлов облусунун Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар министри Вячеслав Ярин менен жолугушуу өткөрдү.

Башкы консул менен Министр Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгына карата куттуктоолор менен алмашышты.

Жолугушууда кыргыз-орус аймактар Эл аралык мамилелер, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Свердлов облусунун ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык талкууланды. Тараптар үстүбүздѳгү жылы боло турган иш-чараларды кеңири талкуулап, аларды уюштуруу боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун соңунда учурдагы маселелер жана алдыда боло турган иш-чаралар боюнча өз ара активдүү аракеттенүүнү улантуу макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK