Башкы консулдун Урал федералдык университетиндеги жолугушууга катышуусу жөнүндө

1069

2022-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов Екатеринбург шаарындагы жана Урал федералдык округундагы жогорку окуу жайларынын чет өлкөлүк студенттерин (4-курстагы бакалаврлар) Урал федералдык университетинин (мындан ары - УрФУ) магистратура программалары боюнча андан ары билим алууга тартуу маселеси боюнча жумушчу жыйынга катышты.

Жолугушууга УрФУнун ректору Кокшаров В.А., УрФУнун эл аралык байланыштар боюнча проректору Тушин С.Г., Борбордук Азия мамлекеттеринин консулдук мекемелеринин жетекчилери жана Монголиянын Екатеринбург шаарындагы ардактуу консулу катышышты.

Ректор Кокшаров В.А. консулдук мекемелерге жигердүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын жана Россиянын ЖОЖнын ректорлорунун экинчи форумуна даярдык Екатеринбург шаарындагы УрФУнун базасында өткөрүлүшү пландалып жаткандыгы, ошондой эле Университетте пландаштырылган иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Аталган Университеттин проректору Тушин С.Г. аймактагы ЖОЖдын чет элдик студент бүтүрүүчүлөрү үчүн магистратура жана аспирантура программалары тууралуу айтып берди. Жолугушуунун катышуучулары жогорку билим берүү тармагындагы кызматташуу, адистерди даярдоо жана региондогу алдыңкы университет катары УрФУ менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Монголиянын илимий окуу жайларынын өз ара кызматташуусу боюнча пикир алышты.

Р.Бийбосунов УрФУнун эл аралык байланыштар боюнча проректорлук кызматына дайындалган С.Г. Тушинди жаны жумуш орду менен куттуктап, кыргыз-орус мамилелериндеги билим берүү тармагынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK