Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү тармагы боюнча эл аралык университеттик программасын баштоо аземине катышты

1129

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов 2022-жылдын 21-апрелинде В.Ф.Яковлев атындагы Урал мамлекеттик юридикалык университетинде (УрМЮУ) өткөн Юридикалык клиникалардын эл аралык форумуна катышты.

Форумга Урал мамлекеттик юридикалык университетинин ректору В.А.Бублик, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Екатеринбургдагы өкүлү А.В.Харлов, Борбордук Азия мамлекеттеринин Екатеринбургдагы башкы консулдары катышып, ал эми чет мамлекеттердин бир катар ЖОЖдын жетекчилери видеоконференц-байланыш форматында кошулду.

Форумдун алкагында жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүүнүн эл аралык тармактык университеттик программасы болуп саналган Universal Students Legal Assistance (USLA) долбоорун түзүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору Чаткалбай Райымбаев катышып, Келишимге кол койду.

Башкы консул Р.Бийбосунов Форумдун катышуучуларын жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча эл аралык тармактык университет программасынын ишке кириши жана Келишимге кол коюлушу менен куттуктады. USLA долбоорунун ийгиликтүү ишке ашуусу юридикалык жардам көрсөтүүчүлөр үчүн да, ал  жардамды алгандар үчүн да маанилүү болот деген ишенимин билдирди. Себеби бул Макулдашууда көрсөтүлгөн жардамды жөнөкөй жарандар, студенттер жана социалдык жактан аярлуу катмардын өкүлдөрү алышат.

Ошондой эле, Р.Бийбосунов УрМЮУнин ректору А.Бублик менен болгон талкуунун жыйынтыгы менен Свердлов облусунда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, Университеттин юридикалык клиникасынан укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүгү бар экендиги боюнча оң жооп алды. Жакынкы арада Башкы консулдук менен Университеттин юридикалык клиникасынын ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдери иштелип чыгат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK