Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун консулунун «Балдарды коргоо күнү» майрамына карата мекендештердин балдары арасында бокс боюнча мелдештин ачылышына катышуусу жөнүндө
2022-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун консулу Танирбай уулу Санжарбек «Айкөл Манас» спорт клубуна барып, «Балдарды коргоо күнүнө» карата «Нарын Ала-Тоо» автономиялык коммерциялык эмес уюму тарабынан уюштурулган спорттук иш-чарага катышты.
Консул Танирбай уулу Санжарбек жана Екатеринбург шаарынын Железнодорожный районунун администрация башчысынын орун басары Белоблоцкая Лилия Дамировна турнирдин кичинекей катышуучуларын, спорттук иш-чаранын уюштуруучуларын, мекендештерди турнирдин ачылышы менен куттукташты жана ошондой эле бокс боюнча беттештерди уюштуруу үчүн атайын чакырылган профессионал калыстарга ыраазычылыктарын билдиришти.
Белгилей кетүүчү нерсе, бул спорттук иш-чарага үч өлкөдөн: Кыргызстан, Азербайджан жана Россиянын кырк спортчусу катышты.