Башкы консулдуктун кызматкерлери Россиянын Свердлов облусундагы ГУФСИНдин түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын соттолгон жарандары менен жолугушуу өткөрүштү

1002

2022-жылдын 10-августунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери, Россиянын Федералдык жаза аткаруу кызматынын Свердлов облусу боюнча башкармалыгынын  Нижний Тагил шаарындагы №5, 6, №12 жана № 13  түзөтүү колонияларында жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын соттолгон жарандары менен жолугушууга барышты (мындан ары ИК-5, ИК-6, ИК-12, ИК-13).

Кыргызстандын жарандары менен жолугушууда, Башкы консулдуктун кызматкерлери түзөтүү колонияларынан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартиби, соттолгондорду Кыргыз Республикасына экстрадициялоонун жол-жоболору жөнүндө, ошондой эле башка консулдук-укуктук маселелер боюнча маалымат беришти. Башкы консулдука  соттолгон жарандар тарабынан келип түшкөн арыздарына ылайык жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча жана аларды мекенине кайтып келгенге чейин документтештирүү тартиби тууралуу аларга айтып беришип, берилген суроолорго жооп беришти.

Ошондой эле, Башкы консулдуктун өкүлдөрү ИК-5, ИК-6, ИК-12 жана ИК-13 жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргыз Республикасынын жарандарын кармоо шарттары менен таанышып, Башкы консулдук жана аталган түзөтүү колонияларынын администрациялары менен мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

 

Маалымат үчүн: Учурда жогорудагы түзөтүү колонияларында Кыргыз Республикасынын 25 жараны кармалып турат. Тейлөөчү консулдук округдун түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында Башкы консулдук бул багыттагы иштерди мындан ары улантат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK