Башкы консулдуктун кызматкерлери жакында кармалган Кыргыз Республикасынын жараны менен жолугушту

984

2022-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын Свердлов облусу боюнча Федералдык жазаларды аткаруу кызматынын Башкы башкармалыгынын 5-Тергөө изоляторуна (мындан ары ТИЗО-5) барышып, жакында Екатеринбург шаарында кармалган Кыргызстандын жараны А.Н. менен жолугушушту.

Буга чейин, бул жарандын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери кармалган А.Н.га карата кылмыш ишин тергеп жаткан Россиянын Свердлов облусу боюнча Тергөө комитетинин Тергөө башкармалыгынын Екатеринбург шаарынын Верх-Исетский району боюнча улук тергөөчүсү жана анын жактоочусу менен жолугушууларды өткөрүшкөн.

Жолугушуулардын жүрүшүндө, кыргызстандык аялдын кармалышынын жагдайлары, кылмыш иштин тергөөсүнүн жүрүшү жана башка кошумча маалыматтар алынды.

Жаранга Башкы консулдук тарабынан анын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилип, анын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлүп, жакын туугандары менен жолугушуу, адвокат жана консулдук мекеме менен байланышта болуу мүмкүнчүлүктөрү айтылды.

ТИЗО-5 мекемесинин администрациясы менен жогоруда аталган жаранды кармоо шарттары, ошондой эле мекеме менен Башкы консулдуктун өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK