Екатеринбургда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата мекендештер арасында футбол жана волейбол боюнча мелдеш өттү

1085

Екатеринбург шаарында 2022-жылдын 3-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата мекендештердин спорттук командаларынын катышуусунда, футбол жана волейбол оюндары боюнча мелдештер болуп өттү. Мелдештер Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу, Свердлов облустук «Кыргызстан-Урал» жана Бүткүл россиялык «Кыргыз конгресси» аймактык коомдук уюмдары менен биргеликте уюштурулду.

Башкы консул Руслан Бийбосунов мелдештердин катышуучуларын жана иш-чаранын конокторун Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, спорттук командаларга калыс жана атаандаштыкты каалап, эки турнирдин  биргелешип уюштуруучуларына ыраазычылык билдирди.

Оюндардын ачылыш аземинде аксакалдар, Свердлов облусундагы кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилери жана активисттери да куттуктоо сөздөрүн айтышып, ата-мекенге арналган ырларын окуп беришти.

Мелдештерге, тайпаларга бөлүнгөн футбол боюнча 15 команда, волейбол боюнча 11 эркектердин жана 4 кыз-келиндердин командалары катышты.

Турнирлердин жеңүүчүлөрү Башкы консулдуктун дипломдору, медалдары жана кубоктору менен сыйланышты.

Футбол боюнча мелдештин катышуучуларына жана конокторуна майрамдык палоо тартууланды.

Башкы консулдук Б.Н.Елцин атындагы Урал федералдык университетинин жетекчилигине спорт аянтчасын бөлүп бергендиги үчүн ыраазычылык билдирет.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK