Кыргыз Республикасынын жарандарынын назарына!

1098

Россия Федерациясынын аймагында жүрүү эрежелерин сактоо боюнча көйгөйлөрү бар Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүнүн укуктук статусун тез арада жөнгө салышы керек.

2022-жылдын 13-октябрында коронавирустук пандемия учурунда кабыл алынган чет элдик жарандардын Орусияда убактылуу жүрүү жана жашаган жерине каттоо мөөнөтүн убактылуу токтотуу боюнча жеӊилдиктер аяктайт.

Ошол себептен, Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан өлкөнүн бардык аймагында текшерүү иш-чаралары активдүү жүргүзүлүүдө жана жакынкы арада алар күчөтүлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүнүн укуктук абалын жөнгө салуу үчүн төмөнкүлөрдү жасоо керек:

1. Россиянын ыйгарым укуктуу медициналык мекемелери (поликлиникалар) тарабынан жүргүзүлүүчү медициналык текшерүүдөн өтүү;

2. Манжа изин каттоо процедурасынан өтүү. Бул процедура бир жолу жана бекер жүргүзүлөт. Кайрылуу учурунда жаныӊызда паспорт жана миграциялык карта болушу керек;

3. Россиянын Ички иштер министрлигинин миграция маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрүнөн миграциялык каттоодон өтүү же каттоо мөөнөтүн узартуу. Ал үчүн жаныӊызда төмөнкү документтер болуусу зарыл:  

         - эмгек же жарандык укуктук  келишими (Россияга иштөө максатында келген учурда);

      - окуу жайларда окуп жатканын тастыктаган документ (Россияга окуу максатында келген учурда, билим берүү мекемелеринен алынат).

Миграциялык каттоого туруу үчүн батирдин/үйдүн ээси менен турак жайды ижарага алуу келишимин түзүү зарыл.

Эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жарандар жумуш берүүчү менен эмгек же жарандык-укуктук келишимин түзүшү керек. Ар кандай кесиптеги жана тармактардагы расмий жумушту "Работа в России" интернет порталынан керектүү бир аймакты же шаарды тандоо менен тапса болот.

Кыргыз Республикасынын жарандарын келген өлкөнүн мыйзамдарын так сактоого, укуктук абалын кечиктирбестен жөнгө салууга жана документтерин өздөрү менен алып жүрүүгө чакырабыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK