Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу “Россия – Борбордук Азия: билим берүү тармагындагы кызматташтык” тегерек столуна катышты.

656

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу 2022-жылдын 18-ноябрында өткөн «Заманбап мугалим – келечекке кароо» эл аралык илимий-билим берүү форумунун алкагында «Россия – Борбордук Азия: дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алкагында билим берүү тармагындагы кызматташтык» аттуу тегерек столго катышты.

Тегерек столго Россия Федерациясынын, Кыргыз Республикасынын жана башка Борбор Азия мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдары баяндамачы катары катышты.

Башкы консул Р.Бийбосунов жолугушуунун катышуучуларын Борбордук Азия өлкөлөрү менен Россия Федерациясынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, илим-билим берүү тармагындагы кыргыз-орус кызматташтыгынын жана россиянын жогорку окуу жайларында квалификациялуу кадрларды даярдоо өзгөчө маанилүү экендигин, жогорку билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн негизги аянтчасы катары быйылкы жылы Кыргызстан менен Россиянын Екатеринбургда экинчи жыйыны өткөн ЖОЖнын ректорлорунун форумун өзгөчө белгиледи.

Форумда Россиянын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жогорку, орто кесиптик жана жалпы билим берүү системасындагы кызматташуунун келечектеги багыттары, заманбап мектептерде жана университеттерде тарыхты окутуу маселелери, билим берүү системасындагы инклюзивдик технологиялар, ошондой эле орус тилинин улуттар аралык байланышуудагы  ролу талкууланды.

Тегерек стол Свердлов облусунун Өкмөтүнүн колдоосу менен УрМПУнин аянтчасында уюштурулду.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK