Жыл сайын өтүүчү «Элдердин достугу» фестивалына Башкы консулдуктун кызматкерлери барышты

811

2022-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Россиянын биринчи президенти Б.Н. Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин (мындан ары УрФУ) базасында жыл сайын өтүүчү «Элдердин достугу» фестивалына катышышты.

Фестиваль, университеттин чет өлкөлүк жана россиялык студенттик коомчулугунун маданиятын, каада-салтын жана улуттук өзгөчөлүктөрүн өз ара спорттук, билим берүү жана интеллектуалдык мелдештер аркылуу көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.                                           

Фестивалдын алкагындагы бир катар иш-чараларга кыргызстандыктардын студенттик коомчулугу активдүү катышты. Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун жана мекендештердин колдоосу менен Кыргызстандын студенттеринин уюштуруусундагы улуттук тамак-аштарынын көргөзмөсү, иш-чаранын конокторунун жана катышуучуларынын өзгөчө көңүлүн бурду.

Студенттердин профсоюз жана Студенттик бириккен улуттар уюмдарынын чакыруусунун негизинде - фестивалга чет өлкөлүк консулдук мекемелердин өкүлдөрү, УрФУнун администрациясы жана студенттери, ошондой эле башка чакырылган коноктор катышты.

Маалымат үчүн: Учурда университеттин ар кайсы факультеттеринде Кыргызстандан 52 студент билим алууда.                                                    

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK