Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкери Свердлов районундагы жайгашкан түзөтүү колониясына жана Пермь шаарындагы ТИЗО-5ке барышты

694

2022-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкери Новая Ляля шаарында жайгашкан Россиянын Жаза аткаруу кызматынын Свердловск облусу боюнча башкы башкармалыгынын №-54 түзөтүү колониясында (мындан ары ТК-54) жазасын өтөп жаткан Кыргыз Республикасынын соттолгон жарандарына барды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы консулдуктун кызматкери Кыргызстандын жарандарына түзөтүү колониясынан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартибин, соттолгондорду Кыргыз Республикасына экстрадициялоонун жол-жоболорун, аларды кызыктырган укуктук жана башка маселелер боюнча маалымат берди. Ошондой эле, Башкы консулдук тарабынан соттолгон жарандардан келип түшкөн арыздары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана аларды мекенине кайтуу боюнча документтештирүүнүн тартиби тууралуу түшүндүрмө берди. Мындан тышкары, соттолгон жарандардын суроо-талабы боюнча алар менен жекече сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ар кандай маселелер боюнча консультациялар берилди.

Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуунун жыйынтыгында ТК-54 ФММнин башчысынын орун басары А.А.Борозин менен баарлашуу болуп, анда Башкы консулдук менен түзөтүү колониясынын администрациясынын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашышты.

Маалымат үчүн: Учурда аталган 54-түзөтүү мекемесинде Кыргыз Республикасынын 9 жараны жазасын өтөп жатат.

25-ноябрда Башкы консулдуктун кызматкери КР жараны кармалып турган Россиянын ФЖАКББынын Пермь шаарындагы ТИЗО-5ге барды. Кыргызстандагы туугандарынын өтүнүчү менен КР жаранына укуктук юридикалык кеңеш берилди.

Пермь шаарына болгон иш сапардын алкагында КР 10дон ашык жаранына Башкы консулдук аркылуу таризделген жаӊы паспорттор тапшырылды.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK