Башкы консул УрФУда «Кыргызстандын атактуу бүтүрүүчүлөрү» стендинин ачылышына катышты

677

2022-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулу Руслан Бийбосунов, Урал федералдык университетинде (мындан ары - УрФУ) «Кыргыз Республикасынын атактуу бүтүрүүчүлөрү» стендинин салтанаттуу ачылышында болду, ошону менен бирге «Кыргызиндустрия» ААКнын президенти Ж.О.Абдураимов, «Алтын түйүн» балдар инженердик-техникалык академиясынын директору Ж.Б.Бапанованын, УрФУнун ректору В.А.Кокшаров менен болгон жолугушуусуна катышты.                            

Жыйында УрФУнун базасында өлкөнүн өнөр жай жана тоо-кен ишканалары үчүн квалификациялуу инженердик кадрларды даярдоо жана кыска мөөнөттүү стажировкадан өткөрүү, «Кыргызиндустрия» ААКнун, «Алтын түйүн» Балдар инженердик-техникалык академиясынын жана УрФУнун мугалимдеринин квалификациясын жогорулатууну, ошондой эле мектептен баштап, инженердик-техникалык адистиктерден - келечектеги студенттерди даярдоону камтыган үч тараптуу кызматташуу маселелери каралды. Процесске Бишкек жана Ош шаарларынын алдыңкы мектептеринин катышуусу белгиленди. Жолугушуунун жыйынтыгында «Кыргызиндустрия» ААК менен УрФУнун ортосунда студенттерди практикалык окутуу/даярдоо боюнча Келишимге кол коюлду.                           

Ж.Абдураимов студенттер менен баарлашып, университеттин окумуштуулар кеңешинин жыйынына катышты. Ага УрФУнун ардактуу доктору наамы ыйгарылып, университеттин мантиясы жана диплому тапшырылды. 

Р.Бийбосунов Россиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болгон, көп жылдардан бери кызматташып келе жаткан, керектүү адистерди даярдаганына жана Кыргызстандык атактуу бүтүрүүчүлөрүнө арнап стенд ачып берип жаткандыгы үчүн УрФУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK