Башкы консулдуктун кызматкерлери “Коопсуз миграция” тегерек столуна катышты

663

2022-жылдын 18-декабрында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Эл аралык мигранттар күнүнө арналган “Коопсуз миграция” темасындагы тегерек столго катышты.

Свердлов облустук «Кыргызстан-Урал» коомдук уюму тарабынан уюштурулган тегерек столго Свердлов облустук ички саясат бөлүмүнүн этно-конфессиялык мамилелер жана экстремизмди алдын алуу боюнча иштерди уюштуруу бөлүмүнүн башчысы И.Ю.Падерин, Екатеринбург шаарынын Железнодорожный районунун администрация башчысынын орун басары Л.Д.Белоблотская, юридикалык фирмалардын, кыймылсыз мүлк агенттиктеринин өкүлдөрү ж.б. катышышты.

Тегерек столдо эмгек миграциясына байланышкан актуалдуу маселелер каралып, жумуш издеп келген кыргызстандыктардын көйгөйлөрүн чечүү жолдору талкууланды.

Башкы консулдук бир катар маселелерди белгилеп, мигранттарды ишке орноштуруу, турак жай табуу, ошондой эле Россия Федерациясында мыйзамдуу жүрүү үчүн зарыл болгон жол-жоболор боюнча керектүү маалымат менен камсыз кылуу үчүн «Call-борборду» ачууну сунуштады. 

Жолугушуунун катышуучулары айтылган маселелер жана сунуштар Свердлов облустунун губернаторунун алдындагы Консультативдик кеңештин кароосуна киргизилет деп макулдашышты.  

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK