КР ТИМнин 2023-жылдын 17-январына карата маалыматтык билдирүүсү

471

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, 2023-жылдын январь айынан тартып Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларынын күндүзгү бөлүмүндө окуган Кыргыз Республикасынын жарандары милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасына (ММК) кирүү укугуна ээ болорун маалымдайт.

Бул үчүн студенттер Россиянын Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкармалыгынын аймактык бөлүмдөрүндө убактылуу жашоого уруксатын (РВПО) алуу үчүн кайрылышы зарыл. Студенттерге мындай  мүмкүнчүлүк Россия Федерациясынын миграциялык мыйзамдарына кирген өзгөртүүлөрдүн алкагында берилди.

Расмий маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Россиянын жогорку окуу жайларында 8,5 миңден ашуун Кыргыз Республикасынын жараны билим алууда.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK