Екатеринбургда тегерек стол болуп анын алкагында Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайынын презентациясы өттү

218

2023-жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экономикалык дипломатия департаментинин жана Свердлов облусунун чакан жана орто бизнес союзунун колдоосу менен «Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жайы» темасында тегерек стол өткөрдү.

Жыйында Башкы консул Р.Бийбосунов, Свердлов облусунун чакан жана орто бизнес биримдигинин башкы директору С.Нестеров жана Свердлов облусунун иш берүүчүлөрдүн аймактык ассоциациясынын башкы директору Т.Вилижанина саламдашуу сөздөрүн айтышты.

Тегерек столдун алкагында Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын презентациясы болуп, жолугушуунун катышуучуларына Кыргызстандын тигүү жана текстиль ишканаларынын өндүрүштүк жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтылды, ошондой эле инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттар, бизнес жүргүзүү, жаңы өнөр жай – индустриалык аймактарда салык салуу, анын ичинде «Бишкек» ЭЭАда тууралуу маалымат берилди.

Жолугушууда кыргыз жана россиялык компаниялардын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланып, Башкы консулдук жана Свердлов облусунун чакан жана орто бизнес союзу Урал ишкерлеринин Кыргыз Республикасына бизнес миссиясын уюштурууну сунушташты.

Тегерек столго 65тен ашык россиялык компаниялардын жана жеке ишкерлердин өкүлдөрү, ошондой эле Свердлов облусунун Өнөр жай жана илим министрлиги, «Челиндбанк» ААКнун, Бишкек ЭЭАнын, кыргыз Мода жана текстиль ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK