Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу мекендештерди "Ак калпак" – улуттук баш кийим күнү менен куттуктайт

258

Жыл сайын 5 – мартта Кыргызстанда 29-жылдын 2016-июнунда Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген Ак калпак күнү - кыргыздардын улуттук баш кийимине арналган майрам белгиленет.

Ак калпак илгертен бери ата-бабалардын мурасы, кыргыз элинин сыймыгы болуп эсептелип жана өзүнө терең улуттук философиясын камтыган. Улуу жазуучу жана коомдук ишмер Чынгыз Айтматов айткандай: "Асманда жарыкты көрсөң - жылдыз деп бил. Ак калпак кийгенди көрсөң – кыргыз деп бил”. Ак калпак - тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы ондогон жылдар бою өзгөрбөй, муундан муунга өтүп келген. 

Башкы консулдуктун жамааты бардык кыргызстандыктарды ушул майрам менен чын жүрөктөн куттуктап, чың ден-соолук, бакыт-таалай, жакшылык жана бакубатчылык каалайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK