«Мекен-карт» документине кабыл алуу жөнүндө маалыматтык билдирүү

274

2023-жылдын 13-мартынан тартып Свердловск, Курган, Тюмень жана Челябинск облустарында, ошондой эле Россиянын Пермь аймагында жашаган, мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар, алардын балдары жана неберелери мекендеш статусун алуу өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

«Мекен картасына» тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

1) Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- өтүнүч (Башкы консулдукта таризделет);

- чет өлкөлүк жарандын паспорту;

- Россия Федерациясынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

- консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгын ырастаган документ (автоматташтырылган маалымат системасында жок болгон учурда талап кылынат).

2) Мурда Кыргыз Республикасынын жараны болгон чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:

- өтүнүч (Башкы консулдукта таризделет); 

- чет өлкөлүк жарандын паспорту;

- Россия Федерациясынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

-    консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

-  туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк, туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда – жеке маалыматтардын өзгөргөндүгүн ырастаган документтер).

3) Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык эмес Кыргыз Республикасынын жарандарынын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандар үчүн:  

-өтүнүч (Башкы консулдукта таризделет);

-чет өлкөлүк жарандын паспорту;

-Россия Федерациясынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

- консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

-туугандык мамилелерди ырастоочу документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу күбөлүктөн көчүрмө, жеке маалыматтар өзгөргөн учурда - жеке маалыматтар өзгөргөндүгүн ырастоочу документтер);

-Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (атасы же апасы, чоң атасы же чоң энеси) жана анын көчүрмөсү.

4) Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелери үчүн:

-өтүнүч (Башкы консулдукта таризделет);

-чет өлкөлүк жарандын паспорту;

-Россия Федерациясынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;

- «Мекен картты» даярдоо жана берүү акы төлөнгөндүгүн ырастаган квитанция;

- консулдук жыйымды төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция;

-Кыргыз ССРинин аймагында берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана анын көчүрмөсү;

-Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандардын балдары же неберелери үчүн алардын туугандык байланыштарын ырастаган документтер жана алардын көчүрмөлөрү (туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуунун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу документ).

Консулдук кызматтын баасы 40 АКШ долларын түзөт жана Россия Федерациясынын Централдык банкынын курсу боюнча «Сбербанк» аркылуу төлөнөт.

Мамлекеттик алым 10 589 сомду түзөт, Кыргызстанда РСК, Айыл Банк же Кыргыз почтасына төлөнөт.

Кошумча суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылсаңыздар болот: + 7 343 223-68-13, 223-68-14, 227-39-39.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK