Свердлов жана Челябинск облустарынын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө Кыргызстанга пресс-тур уюштурулду

110

2023-жылдын 16-19-июнунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу КР ТИМинин Экономикалык дипломатия департаменти жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппараты менен биргеликте Свердлов жана Челябинск облустарынын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн пресс-тур өткөрдү.

Пресс-турдун катышуучуларына Ысык-Көлгө иш сапар уюштурулуп, аймактын, анын ичинде Каракол шаарынын тарыхый-маданий эстеликтери, популярдуу туристтик жана башка кооз жерлери көрсөтүлдү. Россиянын ЖМК өкүлдөрү санаториялык-курорттук мекемелерде, эс алуу жайларында жана пансионаттарда болушту. Россиядан келген коноктор Көлдүн түштүк жээгиндеги “Алмалуу” жана “Бел-Там” заманбап боз үй лагерлеринде көчмөндөрдүн маданияты, каада-салттары жана жергиликтүү усталардын кол өнөрчүлүгү менен таанышып, чыгармачыл коллективдердин өнөрүн чоң кызыгуу менен көрүп, улуттук даамдарды татышты.

Ысык-Көл облусунун Облустук телекөрсөтүүсү менен Свердлов жана Челябинск облустарынын аймактык телеканалдарынын өз ара кызматташтыгын кеңейтүү максатында маалымат алмашууну жол коюуга макулдашып, туризм жаатын камтыган келишимдерге кол коюшту.

Пресс-турдун катышуучулары Кыргызстандын туристтик-рекреациялык мүмкүнчүлүктөрү жогору экендигин белгилешип, Россиянын Урал тургундарын биздин өлкөнүн туристтик потенциалы менен кеңири тааныштыруу үчүн кыргызстандык өнөктөштөр менен биргелешкен маалыматтык иштерди жүргүзүүгө даяр экенин билдиришти.

Ушул жылдын 19-июнунда пресс-турдун катышуучулары Ысык-Көл районунун жетекчилиги, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин жана «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун өкүлдөрү менен биргеликте Екатеринбург – Тамчы багыты боюнча 2023-жылдын биринчи авиарейсинин учуп келишине карата салтанаттуу жыйынга катышышты. Ушул эле самолёт менен коноктор Уралдын борборуна учуп кетишти.

Пресс-тур «Урал» авиакомпаниясынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин колдоосу менен өтүп, Ысык-Көл облусуна Свердлов жана Челябинск облустарынын туристтик компаниялары үчүн буга чейин уюштурулган эки маалыматтык турду толуктады.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK