Свердлов облусунда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын жана тыл эмгекчилерин эскеришти

138

2023-жылдын 22-июнунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Невьянск шаарындагы кыргыз, казак, тажик жана өзбек ССРинин улутундагы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Свердлов областынын Невьянск районунун ишканаларында эмгектенгендердин жаңыланган эстелигинин ачылышынын салтанаттуу жана аза күтүү аземине катышты, ошондой эле Екатеринбург шаарындагы Широкореченский аскердик мемориалдык комплексинде жайгашкан өчпөс отко гүл коюулду.

Ушул эле күнү кыргызстандык дипломаттар «Эмгек даңк шаары» стеласынын салтанаттуу ачылышына жана «Жеңиштин чек арасы» эмгек баатырларынын шаарларынын III Бүткүл орусиялык форумунун пленардык жыйынына катышышты.

Бул иш-чаралар Орусия Федерациясынын Президентинин жардамчысынын, Свердлов облусунун, Екатеринбург жана Невьянск шаарларынын жетекчилигинин, ошондой эле чет өлкөлүк консулдук мекемелердин жана облустун улуттук маданий бирикмелеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK