Кыргызстандыктар Екатеринбург шаарынын 300 жылдык маарекесине арналган иш-чараларга катышышты

170

2023-жылдын 23-24-июнунда Екатеринбург шаарынын 300 жылдык мааракесине карата "Урал музыкасынын түнү – Ural Music Night " жана улуттук оюндардын эл аралык фестивалдары өттү.

"Урал музыкасынын түнү" фестивалында кыргызстандык Динмухамед Таштановдун аткаруусундагы "Мөлмөлүм" жана "Кыргыз бийи" ырлары көрүүчүлөрдү суктандырды.

Башкы консулдук кыргыз коомдук диаспора уюмдары менен биргеликте "Кыргыз күрөшү", "Жоолук таштамай", "Таяк тартыш", "Чүкө", "Топ-Таш", "Тогуз коргоол" сыяктуу кыргыздын улуттук оюндарын уюштурушту.

Кыргыз улуттук оюндар жана Кыргызстандын кооз уюштурулган бурчу шаардын тургундарынын жана меймандарынын кызыгуусун жаратты.

Шаардын администрациясы тарабынан уюштурулган иш-чарага Екатеринбург шаарында аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын, Беларусь Республикасынын жана Казакстан Республикасынын консулдук мекемелери, ошондой эле диаспоралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышусунда өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK