Башкы консулдуктун кызматкерлери Екатеринбург шаарындагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборуна барышты

90

2023-жылдын 27-июнунда Башкы консулдуктун кызматкерлери Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Екатеринбург шаарындагы башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына (мындан ары - Борбор) барышты.

Борборго баруу учурунда Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу болуп, аларга Россия Федерациясынан чыгаруунун тартиби боюнча кеңештер айтылып жана анын аймагында жүрүү эрежелери боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти.

Мекендештер Башкы консулдуктун кызматкерлерине Борборго келгендиги үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Маалымат үчүн: Учурда Россия Федерациясынын аймагынан административдик чыгаруу боюнча соттун чечимдеринин күчүнө киришин күтүп, Орусиянын ИИМнин Екатеринбург шаарынын Борборунда Кыргыз Республикасынын 20 жараны кармалууда.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK