Ата-энесинин жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган Кыргызстандын жашы жете элек жараны Екатеринбург шаарынан Кыргыз Республикасына кайтарылды

247

2023-жылдын 1-июлунда чет өлкөлөрдө ата-энесинин жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн камкордугусуз калган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштердин алкагында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги менен биргеликте, 2015-жылы туулган Кыргызстандын жашы жете элек И.А. жаранын Мекенине кайтарды.

2022-жылы аны Екатеринбург шаарында сатуу аракетине байланыштуу аталган бала ата-энесинин камкордугусуз калып, Свердлов облусундагы мамлекеттик социалдык тейлөө мекемесине убактылуу жайгаштырылган. Мындай аракети үчүн апасы А.Н. 5 жылга эркинен ажыратылды.

Бул убакыттын ичинде Башкы консулдук тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп, жашы жете элек балага жана анын апасына карата соттук териштирүүгө катышып, баланы Кыргызстанга кайтарып келүү жана мекенине кайтуу үчүн документтерди тариздөө маселелери иштелип чыкты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкеринин коштоосунда Кыргызстандын жараны И.А. аба каттамы менен Мекенине келди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK