Кыргыз Республикасы «ИННОПРОМ-2023» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүндө улуттук экспозиция менен биринчи жолу катышты

154

Башкы консулдуктун активдүү көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жетектеген делегация 2023-жылдын 10-13-июлуна чейин Уралдын борборунда «ИННОПРОМ-2023» Эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышты.

Кыргыз Республикасынын павильонундагы өндүрүмдөр ата мекендик 15 компания тарабынан сунушталып, өнөр жай, курулуш, тигүү, текстиль, туризм, кол өнөрчүлүк жана башка товарлардын кеңири ассортиментин камтыды.

Көргөзмөнүн алкагында кыргыз делегациясы Россия Федерациясынын мамлекеттик органдары, бир катар кызыкдар ишкерлер жана ошондой эле көргөзмөгө катышкан чет мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Кыргызстандын Улуттук экспозициясында Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров келип, Кыргызстандан сунушталган товарлар менен таанышты.

Маалымат үчүн: «ИННОПРОМ» – Россиядагы эл аралык өнөр жай көргөзмөсү, 2010-жылдан бери Екатеринбургда өткөрүлөт.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK