КРдин Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери РФтин ЖАФКсынын 46-ТКда жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан Кыргызстандын жарандары менен жолугушту

151

2023-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Невьянск шаарындагы Россия Федерациясынын Жаза аткаруу федералдык кызматынын Свердлов облусу боюнча башкы башкармалыгынын № 46 Түзөтүү колониясында (мындан ары - № 46 ТК) жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан Кыргызстандын жарандарына барып, жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу жана жазаны андан ары өтөө үчүн Кыргыз Республикасына жөнөтүү тартиби, ошондой эле жаза мөөнөтү аяктагандан кийин өздүгүн тастыктоочу документтери жок болгон учурда аларды документтештирүү жол-жоболору түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, Башкы консулдуктун кызматкерлери мекендештерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Башкы консулдук менен № 46 ТКнын администрациясынын ортосундагы өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо максатында, Башкы консулдуктун кызматкерлери ыкчам бөлүмүнүн кызматкери ички аскердин улук лейтенанты В.К. жана тарбия иштери боюнча бөлүмдүн башчысынын милдетин аткаруучу ички аскердин улук лейтенанты А.К. менен жолугушуу өткөрүштү.

Маалымат катары: Учурда № 46 ТКда Россияда ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгон КРнын 32 жараны жазасын өтөп жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK