Екатеринбург шаарынын 300 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан иш-чараларга кыргызстандыктар катышууну улантышты
2023-жылдын 23-июлунда Уралдын борборунда Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу кыргыз коомдук диаспора уюму менен биргеликте Екатеринбург шаарынын 300 жылдыгын майрамдоого арналган «Да, шеф» гастрофестивалына катышты.
Кулинардык чеберчиликти жана «Беш-бармакты» даярдоо боюнча мастер-классты мекендештер Миясархон Касымахунова менен Мансур Мирзажанов өткөрүп, фестивалдын конокторуна кыргыздын салттуу тамак-ашын жасоонун бардык кылдат жактарын көрсөтүштү. Көрсөтүү учурунда катышуучулар башка улуттук даамдарды жана суусундуктарды да татып көрүштү.
Кыргыз тамак-ашынын түрдүүлүгү жана даамы Екатеринбург шаарынын тургундарынын жана конокторунун суктануусун жана чоң кызыгуусун жаратты.
Фестивалды Екатеринбург шаарынын администрациясынын колдоосу менен белгилүү орусиялык ашпозчу Константин Ивлев уюштурду.